Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу жана зыяндуу заттардын чыгарылышын азайтуу максатында Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан рейддик текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Акыркы рейддердин биринде 10 унаа текшерилип, анын экөөндө чыгарылган газдын көлөмү боюнча белгиленген ченемдерден ашып кеткени аныкталган. Бул фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, айып пул салынган.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы
Бул иш-чаралар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлүп, жыл башынан бери абага зыяндуу заттарды чыгарган 150 унаа ээсине протокол түзүлүп, жалпы 1 млн 939 миң 500 сом айып пул салынган.
Мындан тышкары, Бишкекте майда фракциялуу көмүрдү (0–13 мм) сатууга, сактоого жана пайдаланууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда Бишкекте 11 көмүр базасы жана 33 стационардык көмүр сатуу пункту иштеп жатат. Буга чейин шаар боюнча 21 рейддик иш-чара өткөрүлүп, анын жүрүшүндө 31 көмүр сатуучу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
















