Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын инспекторлору Кант шаарындагы «Кант-Тазалык» муниципалдык ишканасынын автотранспорттук каражаттарын пландык текшерүүгө алышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө абаны коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптары бузулган фактысы табылган. Бул мыйзам бузуу үчүн «Кант-Тазалык» ишканасына 46 000 сом өлчөмүндө айып салынды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, тиешелүү протокол түзүлгөн.