Президент Садыр Жапаров ачылыш аземинде сүйлөп жатып, өлкөдө спортту өнүктүрүүгө, заманбап спорттук объекттерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Мамлекет башчысынын айтымында, бүгүнкү стадион ушул багыттагы иштердин дагы бир натыйжасы болуп саналат.

Жаңы стадион Талас элинин сыймыгына айланып, жаштарыбызды ынтымакка, эмгекчилдикке жана мекенчилдикке тарбияласын!
Президент ошондой эле футболду өнүктүрүү стратегиялык багыттардын бири экенин баса белгиледи. 2034-жылга чейин футболду өнүктүрүү программасынын негизги максаттарынын бири — өлкө боюнча футболдук инфратүзүмдү жаңылоо, эл арасынан жаш таланттарды алып чыгуу жана футболдун массалык түрдө жайылышына шарт түзүү.
Стадиондун мүмкүнчүлүктөрү
Жаңы «Талас Арена» стадиону 5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган. Анын негизги футбол талаасы эл аралык стандарттарга ылайык курулуп, автоматтык сугаруу системасы бар гибриддик газон менен жабдылган.
Номад ТВ маалыматы боюнча, комплекс аймагында негизги футбол талаасынан тышкары машыгуу аянтчалары, воркаут зонасы, фитнес-зал жана спортчуларды жайгаштыруу үчүн бөлмөлөр да бар.
Ачылыштан кийинки беттеш
Ачылыш аземинен кийин стадиондо Жогорку лиганын беттеши өтөт. Анда «Азия» жана «Талант» командалары кез келет. Бул матч жаңы аренада өтө турган биринчи оюн болот.
Заманбап «Талас-Арена» стадионун расмий түрдө пайдаланууга берүү менен облустун спорттук жашоосунун жаңы барагын ачып жатабыз.













