Борбордун маалыматы боюнча, комиссия Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөдө жумушка орношууга көмөктөшкөн жеке агенттиктердин ишин карап чыкты. Арыздарды кароонун жыйынтыгында жаңы уруксаттарды берүү, мурда берилген уруксаттардын мөөнөтүн узартуу, ошондой эле айрым уюмдарга уруксат берүүдөн баш тартуу чечимдери кабыл алынды.

Борбордун маалыматы боюнча, комиссия Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөдө жумушка орношууга көмөктөшкөн жеке агенттиктердин ишин карап чыкты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Борбор

Жаңы уруксат алган агенттиктер

Кыргыз жарандарын чет өлкөгө жумушка жиберүү боюнча иш алып барууга төмөнкү уюмдарга уруксат берилди:

  • «Динар Компани» ЖЧКсы — Түркия Республикасы;
  • «ПФ Германия Карьера» ЖЧКсы — Германия Федеративдик Республикасы;
  • «Флай Глобус» ЖЧКсы — Түркия Республикасы;
  • «ОЛИМП КЕЙ ДЖИ ТРЭВЕЛ» ЖЧКсы — Түркия Республикасы жана Болгария Республикасы;
  • «Олива» ЖЧКсы — Германия Федеративдик Республикасы;
  • «ЭРА-Тревел» ЖЧКсы — Польша Республикасы (шарт менен);
  • «Окуу жумуш Италия» ЖЧКсы — Италия Республикасы (шарт менен).

Мөөнөтү узартылган уруксаттар

Ведомстволор аралык комиссиянын чечимине ылайык, бир жылга уруксаттары узартылган жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери:

  1. «Бест Чойс» ЖЧКсы — Германия Федеративдик Республикасы.

Комиссия ошондой эле айрым уюмдарга уруксат берүүдөн баш тартты. Берилген уруксаттар жарандарды аталган өлкөлөрдө расмий түрдө ишке орноштурууга мүмкүндүк берет.