Жумагүл Курманбаева — Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Исакеев айылында жашайт. Ал 45 жыл мамлекеттик кызматта иштегенден кийин 22 жылдан бери аялдардын укуктары чөйрөсүндөгү коомдук иштер менен алектенүүдө.
Азыркы учурда ал Ормон хан айылдык аймагынын аялдар кеңешинин төрайымы жана Кочкор райондук саламаттык сактоо комитетинин жетекчиси болуп эмгектенет. Жумагүл айым ар кайсы онлайн жана офлайн тренингдерге катышып, заман талабына жараша долбоорлорду түзүүнү үйрөнгөн.
Ал катышкан долбоорлордун бири — Кочкор районундагы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жардам берүү максатында аталган райондо реабилитациялык борбор түзүү. Бул үчүн айылга 8 миллион сом гранттык каражат алынып, Кара-Тоо айыл аймагындагы эски бала бакчанын имаратында борбор иштеп баштаган.


