Манас районунун Семетей айыл аймагына караштуу Арал айылында Мало-Каиндин суткалык жөнгө салуу бассейнин тазалоо иштери башталды. Бул боюнча тиешелүү айыл аймагынан маалымат берилди.
Аталган бассейн 1983-жылы курулган. Тазалоо иштери аяктагандан кийин, 540 гектар айыл чарба жерлерин сугат суусу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
800 000 сом бөлүндү
бассейнди тазалоо үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарга бөлүнгөн каражат














