Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган Перизат Карыпбек кызы учурда Ат-Башы районунун Большевик айылында келин болуп жашайт. Ал Кыргыз улуттук университетинин химия факультетин, андан соң Нарын мамлекеттик университетинин физика факультетин аяктаган. Бирок мектептерде бош орундардын жетишсиздигинен жана окуу сааттарынын аздыгынан адистиги боюнча иштөөгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Бүгүнкү күндө 36 жаштагы Перизат үйүндө алты баласын тарбиялап, ошол эле учурда элдик кол өнөрчүлүк менен алектенип, үй-бүлө бюджетине олуттуу салым кошууда. Анын кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусу мурдатан эле бар болчу, бирок чыныгы чеберчиликти ал турмушка чыккандан кийин кайненесинен үйрөнгөн.

Турмушка чыккандан кийин кайненемдин чыныгы чебер экенин билдим. Ал мага эски саймалуу шырдактарын көрсөтүп, алардын тарыхын айтып берди. Ошондо менин ичимде чоң кызыгуу ойгонуп, анын ар бир кыймылын байкап жүрүп, бул өнөрдү толук өздөштүрдүм. Мындай улуттук баалуулукка ээ болгонума сыймыктанам.
Перизат Карыпбек кызы

Перизаттын айтымында, бул өнөр жалгыз эмес, биргелешип, ынтымактуу жамаат менен иштегенде өзгөчө берекелүү болот. Анын кайненесинин беш келини бир үйдө ынтымакта жашап, чогуу иштешет.

Улуттук баалуулукка айланган өнөр

Перизат Карыпбек кызы табигый кийизден уникалдуу шырдактарды жасайт. Бул өнөр ага үй-бүлөсүн багууга гана эмес, улуттук маданиятты сактоого да жардам берет. Ал кол өнөрчүлүктүн бул түрүн өздөштүрүү менен чектелбестен, аны башкаларга да үйрөтүүгө даяр.

Перизаттын окуясы — айыл жергесиндеги аялдар үчүн шыктандыруучу мисал. Ал эки жогорку билимге ээ болсо да, жашоо шарты аны башка жолго алып келди, бирок ал өз ордун таап, үй-бүлөсүнө пайда алып келүүдө.