Айыл чарба жана тамак-аш коопсуздугу боюнча атайын программанын алкагында мектеп окуучуларына сапаттуу тамак берүү максатында атайын мелдеш уюштурулуп жатат. Бул жолугушуу «Даам лабораториясы: Саламат окуучу миссиясы» деген аталыш менен өтөт.

Билим берүү министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, финалдык этаптардын графиги төмөнкүдөй белгиленген:

  1. 11-ноябрь

    Бишкек шаарындагы финалдык этап

  2. 13-ноябрь

    Ош шаарындагы финалдык этап

Бишкекте Иссык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын өкүлдөрү катышат. Ал эми Ош шаарында Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан келген ашпозчулар сынакка турушат.

Жеңүүчүлөрдү аныктоодо ашпозчулардын тамак жасоо чеберчилиги гана эмес, алардын ашканадагы тартипти сактоо, продукциянын сапатын баалоо жана кырсыктуу кырдаалдарды чечүү жөндөмдүүлүгү да каралат. Ошондой эле, окуучулар жана ата-энелер «Эл дегустатору» номинациясы боюнча өз үнү менен добуш беришет.

Жеңүүчүлөр ашкана техникасын сатып алуу үчүн акчалай сыйлыктарды алышат:

Сыйлыктардын өлчөмү

70 000биринчи орун үчүн (сом)
40 000экинчи орун үчүн (сом)
30 000үчүнчү орун үчүн (сом)

Катышуучулар бир нече ай бою дистанциялык окуудан өтүп, шеф-ашпозчулар жана нутрициологдор менен вебинарларга катышып даярдалышкан. Ошондой эле, алардын тажрыйбасын өнүктүрүү үчүн жекече сунуштар берилет.