Талас облусунун Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагындагы Атай Огонбаев — Калба жолунун участкасында жаңы асфальт төшөө иштери 30-октябрда аяктады. Жолдун узундугу 2 километр 140 метрди түзөт.
Алынган маалыматка ылайык, жол пайдаланууга берилди. Курулуш иштерин райондук жол эксплуатациялоо ишканасы аткарган. Жаңы жол жергиликтүү тургундардын пайдалануусуна өткөрүлүп берилди.
Бул жол Беш-Таш айыл аймагынын маанилүү транспорттук каттамдарынын бири болуп саналат жана калктын коопсуз, ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзөт.
Жолдун ачылыш аземине Талас районунун акими Байыш Кахраманович, Беш-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Мурат Шамиль, мамлекеттик жол куруу мекемесинин өкүлдөрү, ошондой эле айылдын аксакалдары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Ачылыш учурунда аксакалдар катышуучуларга бата берип, жолдун курулушуна салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдиришти.
























