Жогорку Кеңештин баашарлуу жыйынында Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү аракеттер» аттуу жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык акциянын расмий башталышын жарыялады.

Төраганын айтымында, зомбулук бул бир гана үй-бүлөнүн эмес, бүткүл коомдун жана мамлекеттин көйгөйү болуп саналат. Акциянын негизги максаты — коомчулуктун көңүлүн адамдын укуктарын жана кадыр-баркын коргоого, ошондой эле зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алууга буруу.

Биз зомбулукту жоюуга жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган мыйзамдык чараларды көрүп жатабыз. Ошону менен бирге, кабыл алынган мыйзамдардын натыйжалуу ишке ашырылышын камсыздоо жана алардын аткарылышына парламенттик көзөмөлдү күчөтүү маанилүү.
Марлен Маматалиев

Марлен Маматалиев Таластагы акыркы окуяларды эске алып, жаштар арасында укуктук маданиятты калыптандыруу жана жоопкерчиликти жогорулатуу зарыл экенин белгиледи. Ал депутаттарды жана жарандарды активдүү позиция көрсөтүүгө, зомбулуктун кандайдыр бир белгилерине кайдыгер карабоого чакырды.

Жыйындын алкагында гендердик зомбулукту алдын алуу маселелерин талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Ага Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова, «ООН-аялы» түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Сайеда Садика, Европа Биримдигинин өкүлү жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Бул талкуулардын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин жана Министрлер Кабинетинин ишине, мыйзамдарды жана укук колдонуу практикасын өркүндөтүүгө багытталган сунуштардын пакети даярдалат.

Бул учурда БУУнун Кыргызстандагы өкүлдүгү да глобалдык акцияга кошулуп жатканын билдирди. Уюмдун билдирүүсүндө ар бир аялдын жана кыздын коркунучсуз жашоо укугун коргоо максатында иштер улантыла тургандыгы айтылган.