Кыргызстанда jumush.gov.kg мамлекеттик бош вакансиялардын порталы ишке кирди. Бул платформа аркылуу иш берүүчүлөр бош жумуш орундары тууралуу маалыматты акысыз жайгаштырып, ал эми жарандар өз иштерин таап, потенциалдуу иш берүүчүлөр менен түз байланыша алышат. Портал 26-ноябрда Кыргызстан эл аралык университетинде өткөн жумуш орундарынын ярмаркасында тааныштырылды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, бул платформа ведомство тарабынан Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын алдындагы «Укук» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте иштелип чыккан. Анын негизги максаты — эмгек рыногунун бирдиктүү санариптик экосистемасын калыптандыруу жана иш берүүчүлөр менен жумуш издөөчүлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жеңилдетүү.

Документтен

Иш берүүчүлөр укуктуу мамлекеттик органдын сайтында ар бир жаңы түзүлгөн же боштон чыга турган жумуш орду жөнүндө маалыматты, эмгек шарттарын жана акысын көрсөтүү менен жайгаштырууга милдеттүү.
Кыргызстандын Эмгек кодексинин 16-беренеси

Порталда иш берүүчүлөр өз алдынча бош орундарды жарыялап, тиешелүү адистерди таап ала алышат. Ал эми жарандар республика боюнча актуалдуу сунуштарды көрүп, резюмелерин жайгаштырууга жана иш берүүчүлөргө түз кайрылууга мүмкүнчүлүк алышат. Порталдын бардык кызматтары эки тарап үчүн да акысыз болуп саналат.