Кыргызстандын милиция кызматкерлери дрондордун жардамы менен кылмыштарды тергөө ыкмаларын өздөштүрүүдө. Бул боюнча Ички иштер министрлиги билдирди. Чүй облусунун аймагында Наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүүсү менен күрөшүү кызматынын учурупчу учактар бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн практикалык тренинг уюштурулду.
Оперативдик кызматкерлер санариптик криминалистиканын негиздерин жана дрондорду колдонуу менен кылмыштарды тергөө методдорун үйрөнүп жатышат. Алар санариптик далилдерди табуу, сактоо жана талдоо жолдорун, ошондой эле контроллерлерден жана мобилдик түзүлүштөрдөн маалымат алуу ыкмаларын өздөштүрүшүүдө.
Ошондой эле кызматкерлер учкучтук журналдар жана телеметрия менен иштөөнү үйрөнүштү. Мындай маалыматтар дрондун учкан маршруттарын жана окуялардын ырааттуулугун калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.
Ведомство тарабынан кылмышкерлердин дрондорду тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз ташуу, чек ара ашынан контрабанда жана жашыруун байкоо жүргүзүү үчүн колдонуу схемаларына өзгөчө көңүл бурулганы белгиленди.











