Инспекторлор интернетте жарыяланган маалыматтын негизинде текшерүү жүргүзүштү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кызматтын Чүй облустук башкармалыгы билдирди.

Текшерүү өндүрүштүк аймакка чектеш аянтта өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө тиричилик таштандыларынын атайын бөлүнгөн жерден башка жакка төгүлгөнү такталды.

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, компанияга 17 000 (он жети миң) сом өлчөмүндө айып салынды. Бул аныкталган фактыга карата көрүлгөн чара болду.

Кошумча, компаниянын өкүлдөрүнө экологиялык эрежелерди сактоо, өндүрүштүк аймакта жана ага жакын жерлерде санитардык-экологиялык тазалыкты камсыздоо, тиричилик таштандыларын атайын белгиленген жерлерге гана чыгаруу зарылдыгы түшүндүрүлдү.