Сокулук районундагы Ак-Жол айылында жол кырсыгы болду. Аэропортко бараткан жолдо унаа «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен. Кырсыктын натыйжасында кызматкер каза болгон деп билдирилет.
Бул маалыматты Turmush басмаканасынын корреспондентине окуянын күбөлөрү кабарлашкан. Учурда кырдаалды тактоо иштери жүрүп жатат.
Чүй облусунун ИИМдин жол кыймылын башкаруу башкармалыгынын басма сөз кызматы кырсыктын чоо-жайын тактап жатканын билдирди.







