Ашуу аймагында туман болуп, кар жаап жатканы айтылууда. Жашган жолду тазалоо жана кум менен чачуу иштерин №9 автожол тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлери аткарууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Минтранс боюнча, азыркы учурда кыймыл чектөөсү жок. Бирок аба ырайынын өзгөрүшүн эске алуу менен, айдоочуларга этият болууну сунушташат.

  • Аралыкты сактоо керек
  • Кышкы шиналарды колдонуу зарыл
  • Туманга карата сак болуу зарыл