ЖерЭскерүүлөр: 10

Каракол шаарында олуттуу жол кырсыгы болду. К. Карасаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жүк ташуучу унаа менен электроскутер кагылышып, скутердин айдоочусы ошол жерде каза болгон.

Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, 31-октябрда Свердлов районунун башчысы Бакыт Караев карагай токоюна барып, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле ал жол курулушунун абалын көрүп, мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча тапшырмаларды берди.

Орозбекова көчөсүндөгү мал азык саткан базар 1-сентябрдан тартып жабылышы күтүлүүдө. Базардагы ишкерлер жаңы соода жайы тууралуу маалыматсыз калып, кайда көчөөрүн билбей жатышат. Ал эми сатып алуучулар үчүн бул чоң көйгөй жаратууда.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.