Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаарда жолдорду реконструкциялоо иштерин көзөмөлдөп, өзгөчө коммуникация көйгөйлөрүн чечүүнү биринчи орунга койду.

Жол оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерүү маалында мэр Элебесов көчөсүндө жашоочулар менен жолугуп, канализация системаларын куруу жөнүндө суроо-талаптарды угуп чыкты. Бул маселени чечүү үчүн «Бишкекводоканал» мекемесине үч күндүн ичинде канализация куруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, расмий жообун берүүгө тапшырма берилди.

Кожевенная көчөсүндөгү өзгөрүүлөр

Кожевенная көчөсүндө болсо, шаар мэри реконструкция зонасына кирген тосмолорду, анын ичинде Өзгөчө кырдаал кызматынын №2 өрт-куткаруу бөлүмүнүн алдыңкы тосмосун демонтаждоо тапшырмасын берди.