Супар айылында чыккан өрттөн улам үч адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жабыркагандар

3жабыркаган адам
2амбулатордук дарыланууда
1ооруканада

Министрликтин маалыматына ылайык, жабыркагандардын баары ис газынан ууланган. Экөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген. Дагы бир адам ооруканага жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Кырсыктын чоо-жайы такталып жатат. Бул окуя боюнча кошумча маалымат бериле элек.