Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №2 мекемесинин (аялдар колониясынын) кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу «Эркин-Тоо» басылмасы билдирди.

Жолугушууда депутат кызматкерлердин жоопкерчиликтүү жана татаал эмгегин белгилеп, алардын коомдогу маанилүү ролуна токтолду.

Сиздер мыйзамдуулукту, тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу менен бирге соттолгон аялдардын оңолушуна, коомго кайрадан аралашуусуна жана жаңы жашоо башташына көмөк көрсөтүп келесиздер
Эльвира Сурабалдиева, Жогорку Кеңештин депутаты

Ошондой эле Эльвира Сурабалдиева кызматкерлерге мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалап, Жогорку Кеңештин Төрагасынын атынан Ыраазычылык каттарды тапшырды.

Экскурсия жана парламенттин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат

Иш-чаранын алкагында кызматкерлер үчүн Жогорку Кеңештин имаратында атайын экскурсия уюштурулду. Анда аларга парламенттин ишмердүүлүгү, тарыхы жана имараттын заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.