Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында фонддун келечектеги стратегиясы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, фонд каражаттарды бир гана депозиттерде сактабастан, пайдалуу активдерди жана облигацияларды сатып алууга багытталган.

СторисСоцфонд активдерди сатып алат жана инвестиция жасай турган болотСлайддар: 5
  1. Соцфонд активдерди сатып алат жана инвестиция жасай турган болот
  2. 100 млрд сом — 2030-жылга чейин МТПФга кошула турган каражат
  3. 72 млрд сом — пенсиялык топтолгон каражаттардын жалпы суммасы
  4. Акцияларды сатып алуу: Ала-Арча ААКнын 100% акциясы сатып алынды; Сатып алуу баасы 1 млрд 750 млн сомду түздү
  5. Алдыдагы 5-6 жылда фонд ички инвестор катары мамлекеттик объекттерди курууга катыша алат

Учурда пенсиялык топтолгон каражаттардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик кагаздарга жумшалган. Алдыдагы 5-6 жылдын ичинде фонд ички инвесторлордун бирине айланып, мамлекеттик программаларга, анын ичинде мамлекет үчүн объекттерди курууга катыша алат.

Пенсиялык топтолгон каражаттардын абалы

72млрд сом
85%мамлекеттик кагаздарга салынган каражат

Буга чейин Социалдык фонд «Ала-Арча» жана «АЮ Гранд» акционердик коомдорунун 100% акциясын сатып алган. Министрлер Кабинетинин 2025-жылдагы чечимине ылайык, Социалдык фонд «Ала-Арча» ААКнын 100% акциясын МТПФ каражаттарынын эсебинен 1 млрд 750 млн сомго (базар курсу боюнча 20 млн 11,4 миң доллар) сатып алууга милдеттендирилген.

  • Өткөн жылдын 16-апрели — ГАУГИ «Ала-Арча» соода борбунун 10 740 кв.м жер участогу менен кошо аукцион аркылуу сатууга аракет кылган