Кыргызстандын белгилүү акыны Майрамкан Абылкасимованын 90 жашанына карата салтанаттуу иш-чара Бишкек шаарында болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин пресс-кызматы билдирди.
Иш-чарага маданият министринин орун басары Айбек Дайырбеков, элдик акындар Акбар Рыскулов менен Кожогелди Култегин, Чүй облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, «Курманжан Датка» эл аралык фондунун президенти Жылдыз Жолдошева, «Руханият» эл аралык ассоциациясынын президенти Кайрат Иманалиев, ошондой эле адабият жана маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрү, акындар, жазуучулар жана чыгармачыл интеллигенция катышты.
Салтанаттуу кечеде Маданият министринин орун басары Айбек Дайырбеков өз сөзүн сүйлөп, Майрамкан Абылкасимованын кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө кошкон зор салымына басым жасады.
Анын айтымында, акыындын чыгармалары улуттук поэзияда өзгөчө орунду ээлейт жана анын чыгармачылык мурасы келечек муундар үчүн руханий баалуулук болуп саналат. Ошондой эле, Министрдин орун басары Майрамкан Абылкасимованын ысымы жана эмгектери кыргыз элинин эсинде түбөлүккө кала турганын белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар акыындын өмүр жолун, чыгармачылык иштерин жана кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү ролун эскеришти. Бул жолугушуу улуттук поэзияны жайылтууга жана анын руханий баалуулуктарын сактап калууга багытталган.






















