Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында топтоло турган пенсиялык фонддун каражаттарынын абалы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, учурда фонддогу жалпы каражат 72 млрд сомду түзөт.

Фонддун каражаттарынын түзүмү боюнча, негизги бөлүгү мамлекеттик баалуулуктарга, ал эми калган бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштырылган.

85%мамлекеттик баалуулуктар
15%банктык депозиттер

Мамлекеттик баалуулуктардан алынган кирешенин көрсөткүчү 13,5%дан 17%га чейин, ал эми банк депозиттери боюнча жылдык киреше 13%дан башталат.

5 млрд сом күтүлүүчү киреше

2026-жылы пенсиялык каражаттарды жайгаштыруудан алынуучу болжолдуу киреше.

Бактияр Алиевдин маалыматы боюнча, 2026-жылы Социалдык фонд бул каражаттарды пайдалануудан болжол менен 5 млрд сомдук киреше алууну пландап жатат.