11-ноябрь күнү саат 22:40дө Бишкек—Ош автожолунун 33-километринде оор жол кырсыгы катталды. Бул окуя Чүй облусунун Москов районуна караштуу Александровка айылынын маңдайында болгон.
Чүй облусу боюнча ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2001-жылы туулган М. уулу Т. Chevrolet Cobalt унаасын башкарып, батыштан чыгыш тарапка карай жүрүп бара жаткан.
Алдын ала маалыматка ылайык, башка айдоочулардын айтымында, ал өтө жогорку ылдамдыкта жүрүп жаткан. Унаа жолдо орнотулган бөгөттүү тоскоолдукка (разделительный барьер) кагылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен айдоочу ошол замат каза болгон. Күбөлөрдүн айтымы боюнча, машина тоскоолдукка кагылганда өтө оор деңгээлде жабыркаган. Унаа Кара-Балта тараптан келип жаткан.
Учурда кырсыктын так себептерин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору аныктап жатышат.











