Кыргызстанда пенсия төлөөгө жумшалган каражаттын көлөмү акыркы жылдары кескин өсүүдө. 2021-жылы 52 миллиард сом болгон чыгымдар 2026-жылга карата 122 миллиард сомду түздү, ал эми 2027-жылы бул көрсөткүч 140 миллиард сомдон ашып кетиши күтүлүүдө. Бул тууралуу «Ачык кабинет: жоопкерчилик зонасы» медиапроектисинин алкагында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

СторисПенсиялык чыгымдардын өсүшүСлайддар: 6
  1. Пенсиялык чыгымдардын өсүшү
  2. 2027-жылга карата пенсия төлөөгө жумшалуучу каражат 140 миллиард сомдон ашат.
  3. 140 млрд сом — 2027-жылдагы болжолдуу чыгымдар
  4. Пенсионерлердин саны: 2010-жылы 400 миң адам болгон; 2026-жылы 826 миң адам катталган; Акыркы 16 жылда саны эки эселеп өстү
  5. 0,9 адам — Бир пенсионерге туш келүүчү иштеген жарандын саны
  6. «Эл аралык уюмдардын сунуштары боюнча, бир пенсионерге 3,5 иштеген жаран туш келиши керек» — Бактияр Алиев

2026-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга жогорулатылды. Бул чечимдин натыйжасында жылдын аягына чейин кошумча 4 миллиард 200 миллион сом талап кылынган болсо, кийинки жылы пенсияларды көтөрүү үчүн болжол менен 18 миллиард сом керек болот. Жалпысынан бул максатта кошумча 27 миллиард сом каралган.

826 000пенсионерлер
400 0002010-жылы болгон саны
12 888орточо пенсия (сом)
6 0002021-жылдагы пенсия (сом)

Акыркы жылдары өлкөдө пенсионерлердин саны дагы да өсүп жатат. 2026-жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстанда 826 миң пенсионер катталган. Бактияр Алиевдин айтымында, 2010-жылы пенсионерлердин саны 400 миң адамды түзгөн болсо, акыркы 16 жылда бул көрсөткүч эки эселеп өсүп, 800 миңден ашты. Акыркы төрт жылдын ичинде гана пенсионерлердин саны 100 миң адамга көбөйгөн.

ишкер жарандардын пенсионерлерге болгон катышы3,50,9 −74%

Мындан тышкары, Социалдык фонддун жетекчиси пенсиялык системадагы ишкер жарандар менен пенсионерлердин катышына токтолду. Эл аралык уюмдардын сунуштары боюнча, бир пенсионерге 3,5 иштеген жаран туш келиши керек, бирок Кыргызстанда учурда бул көрсөткүч болгону 0,9 түзүүдө.