Кыргызстанда мамлекеттик мүлктөрдү баалоо иштерин жүргүзүү үчүн атайын мамлекеттик компания түзүлөөрүн билдиришти. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директору Бексултан Токонов маалымат берди.
Учурда бардык мүлктөр тендерлер аркылуу тандалган жеке көз карандысыз компаниялар тарабынан баалап келет. Бирок бул процесс мамлекеттик бюджетке олуттуу чыгымдарды алып келүүдө.
Бексултан Токоновдун айтымында, 2025-жыл ичинде жеке компанияларга баалоо жүргүзүү үчүн болжол менен 30 миллион сом жумшалган. Бул сумма бюджет үчүн кымбатчылык болуп саналат. Жаңы түзүлө турган мамлекеттик орган эл аралык стандарттарга жана лицензияга таянып, объективдүү баалоо жүргүзө алат. Ошол эле учурда жарандар анын жыйынтыгына сот аркылуу даттануу мүмкүнчүлүгүн да сактап калышат.
Ошондой эле мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө жана сатууда коррупциялык тобокелдиктер азайгандыгы белгиленди. Мүлктү ишке ашыруу процесси толук санариптештирилген.
- Мүлктөрдүн толук инвентаризациясы жүргүзүлгөн
- Санариптештирүү иштери акыркы стадияда
- Мүлктү сатуу комиссиялар эмес, электрондук портал аркылуу ишке ашырылууда
Азыркы учурда аукциондорго каалаган жаран катыша алат. Жарыялар сайтта бир ай бою жарыяланып турат. Мүлктү мамлекетке өткөрүп алуу процедураларын укук коргоо органдары жана сот системасы гана жүргүзөт.






