Сон-Куль көлү Кыргызстандын экологиялык баалуулуктарынын бири болуп эсептелет. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору менен «Каратал-Жапырык» мамлекеттик табият паркындагы кызматкерлер эки күн бою мыйзамсыз балык уулоочу эски торлорду издеп, аны көлдөн алып чыгышты.
Бул чара Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы №261-П буйругунун негизинде Иссык-Көл жана Сон-Күл көлдөрүндө өнөр жайлык балык уулоого мораторий киргизүүгө байланыштуу өткөрүлүүдө.
Министрликтин өкүлдөрү экологиялык мыйзамдарды так сактоого чакырышып, жарандардан жаратылыш байлыктарын сактоого биргелешип аракет кылууну өтүнүштү. Бул аракеттер көлдүн экологиялык балансын коргоого багытталган.




