ЖерЭскерүүлөр: 2

Министрликтин экология жана техникалык көзөмөл кызматы менен «Каратал-Жапырык» мамлекеттик табият паркынын кызматкерлери Сон-Күлдө эки күндүк рейд учурунда 6 250 метрге жакын мыйзамсыз орнотулган эски балык торлорун алып чыгышты. Бул иш-чара Президенттин балык уулоого мораторий жарыялаган буйругунун алкагында өткөрүлдү.

Кыргызстан менен Орусиянын илимпоздору бирге иш алып барып, «Каратал-Жапырык» мамлекеттик табигый коругунда канаттуулардын түрлөрүн, алардын саны менен жашоо чөйрөсүн изилдөө үчүн комплекстүү экспедиция өткөрүштү. Бул илимий иш-чара табиятты коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытындагы биргелешкен кадам катары бааланууда.
Бул объект жөнүндө бир нерсе билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир Story ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.