Интернетте тараган видеолордо Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын алдында милиция кызматкерлери мас абалындагы аксакалды көчөгө чыгарып жаткан учуру көрүнүп калды. Окуя болгон жерде жүргөн адамдардын айтымы боюнча, карыя ичкилик ичкен абалда болгон.
Чүй облусунун ИИМ басып жаткан окуя боюнча түшүндүрмө берди. Мында милиция кызматкерлери президенттин жергиликтүү тургундар менен жолугушууга байланыштуу коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күчтүү режимде кызмат өтөп жаткандыгы айтылды.
Чүй облусунун ИИМ басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кызматкерлердин ар бирине өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн тийиштүү участоктор бекитилген жана алар өз аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш алып барышкан.









