Чүй облусунун Сокулук районунда «Нелегал» рейди жүрүп, иш жүзүндөгү мыйзам бузууларга каршы алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Рейдтин жүрүшүндө Сокулук РОВДнун, УКМКнын жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери райондогу "Сары-Өзөн Сити" жана "Көчмөн Сити" сыяктуу живделүү жайлары жана башка курулуш аянттарында иштеп жаткан чет элдик жарандар менен жолугушту.

Чет элдиктерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өлкөдө жашоо жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелери тууралуу түшүндүрүү берилди. Ошондой эле коомдук тартипти жана курулуш аймактарындагы коопсуздук чараларын сактоо милдеттери эскертилди.

Мыйзам бузган жарандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылып, керек болсо өлкөдөн чыгарууга аракет кылынары белгиленди.

Ошондой эле курулуш объекттеринин жетекчилерине оор техникалар өтчү жолдорду тыгыз нымдаштырып, чаңды азайтуу жана жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык болбошу үчүн чара көрүү сунушталды.