Сокулук районунда чет элдик куруучулардын арасында профилактикалык жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага райондук милициянын жетекчилиги, УКМК кызматкерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө чет элдик жарандар Кыргызстан Республикасынын мыйзамдарын, коомдук тартипти жана курулуш объектилериндеги коопсуздук талаптарын так сактоо керектиги эскертилди. Ошондой эле мыйзам бузулса, жоопкерчилик бар экени белгиленди.
Айлана-чөйрөнү коргоо талаптары өзгөчө баса белгиленди: оор техникалар жүргөн жолдорду дайыма сугаруу менен чаңдын пайда болушуна жол бербөө керектиги айтылды. Бул жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайсыздыкты азайтууга багытталды.
Райондук милициянын маалыматы боюнча мындай профилактикалык иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлөт.


