Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери кызмат ордунан ашыкча пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Аны кызматтагыларынын алдында кармоо учуру видеога тартылып, коомчулуктун көңүлүн бурду.
Учурда аталган кызматкер боюнча кылмыш иши ачылып, иликтөө процессинде ар тараптуу маалымат чогултулуп жатат.
Бажы органдары мындай фактыларга каршы катуу чараларды көрөрүн билдиришүүдө.








