Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы учурда бүткүл өлкө аймагында сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүлүүдө. Биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген жарандар эмделет.
- өнөкөт оорулары бар адамдар
- 65 жаштан жогору жарандар
- кош бойлуу аялдар
- тез-тез ооруган балдар
- медицина кызматкерлери
Бул категориядагы жарандар үчүн эмдөө үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз жүргүзүлөт.
Көрсөтүлгөн категориядагы жарандар үчүн эмдөө үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз жүргүзүлөт.
Калаалагандар эмдөөнү акылуу негизде 12 жеке медициналык уюмдан өтсө болот: «Кроха», «Малыш», «ЦАДМИР», «Поликлиника-312», «Интермедикал», «Комфорт Медик», «Эдельвейс», «Клиника 21», «Авиценна», «Чипенко», «Мама Доктор» жана «Аллерго Эксперт».
Вакцинанын баасы бир доза үчүн 450 сомдон 1 100 сомго чейин өзгөрөт.
















