Саламаттык сактоо министрлиги Ысык-Көл облусундагы Кырчын капчыгайында болгон окуя боюнча маалыматты тактады. Мекеменин маалыматы боюнча, жабыркаган 2006-жылы туулган жигит болгон. Ал Ананьево айылынын аймактык ооруканасына жеткирилген, бирок дарыгерлер анын каза болгонун билдиришкен.

Саламаттык сактоо министрлиги жигитке баш мээсинин ачык жаракаты жана айкалышкан травмалар диагнозу коюлганын билдирди.

Буга чейин Кырчын капчыгайында ат адамды бир нече жүз метрге сүйрөп кеткени кабарланган. Болжолдуу маалыматтарга караганда, жабырлануучунун буту үзөңгүгө кыпчылып калган. Алгач күбөлөр Kaktus.media басылмасына жабыркаган адам кыз болушу мүмкүн экенин айтышкан.

Окуянын чоо-жайы такталууда.