Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы элчиси Эрбол Султанбаевдин билдирүүсү боюнча, Минск шаарындагы №11 Жумаш Асаналиев атындагы мектептин окуучулары Ысык-Көлгө келди. Алар кыргыз тараптын чакыруусу менен келишкени айтылды.

Окуучулар Чолпон-Атадагы “Алтын-Балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборуна жайгаштырылды. Алар үчүн атайын маданий-таанып билүү программасы уюштурулган.

Бул иш-чара Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы дипломатияны жана элдердин достугун чыңдоо максатын көздөйт.