Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында ат минип жүргөн 20 жаштагы жаран кырсыкка кабылып каза болду. Бул кайгылуу окуя тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги ырастады.
Буга чейин социалдык тармактарда жана айрым массалык маалымат каражаттарында ээрден түшүп, буту үзөңгүгө тыгылып калган кыз тууралуу кабарлар тараган. Бирок кийинчерээк жабыркаган адам 20 жаштагы жигит экени такталган.
Күбөлөрдүн айтымында, ат үстүндөгү адам ээрден кулап түшкөндөн кийин, ат токтобостон аны бир нече жүз метрге чейин жерде сүйрөп кеткен. Жанындагы башка атчандар гана жаныбарды токтотууга жетишкен.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жабыркаган жигит Ананьево айылындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын каза болгондугун констатациялашкан.
Учурда бул окуянын бардык чоо-жайы жана себептери такталууда.










