Окуя 9-августта күндүзгү убакта болгон. Ат күтүүсүздөн катуу чуркап кеткенде, анын үстүндөгү атчан ээрден кулап түшкөн.
Күбөлөрдүн айтымында, атчандын буту үзөңгүгө тыгылып калган. Ат аны бир нече жүз метр аралыкка сүйрөп кеткен.
Башка атчандар жылкыны бир аздан кийин гана токтото алышкан. Жабыркаган жаран дарыгерлерге өткөрүлүп берилген.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жабырлануучуну сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Дарыгерлер анын каза болгондугун тастыкташкан.









