Кыргызстан акыркы беш жылда Кытайдан жаңы тышкы мамлекеттик карыз алган жок. Бул маалыматты президент Садыр Жапаров MediaHub маегинде билдирди.
Жапаровдун айтымында, 2020-жылы Кыргызстандын Эксимбанк алдында карызы болжол менен 1 миллиард 800 миллион долларды түзгөн. Ал учурда карызды 500 миллион долларга жакын кыскартып, учурда карыз 1 миллиард 300 миллион долларга чейин азайды.
Президент карызды толук төлөө максатында 2035 жылга чейин жылдыруу планы бар экенин айтты.
2020-жылы Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 5 миллиард долларга жакын болгон, бул ВВПнын 70% түзгөн. Анын ичинен тышкы карыз 4 миллиард 217 миллион доллар, ички карыз 708 миллион доллар болуп саналат.
2026-жылы мамлекеттик карыз болжол менен 10 миллиард долларга жеткен, бирок ВВПга болгон катышы 37%га чейин төмөндөгөн. Бул көрсөткүч карыздын абсолюттук көлөмүнүн өсүшү менен бирге өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүн да чагылдырат.
Жапаров учурда тышкы карыз 5 миллиард 200 миллион доллар, ички карыз 4 миллиард 800 миллион долларга жакын деп билдирди. Ошентип, акыркы жылдарда ички карыздын өсүшү байкалууда.











