Кыргызстандын мамлекеттик карызынын тышкы бөлүгү боюнча төлөмдөрдүн эң жогорку чоку 2026-2028-жылдарда болот. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Гурас Жапаров радиостанцияларга берген маегинде билдирди.
Жапаровдун айтымында, мамлекеттик карыз эки бөлүккө бөлүнөт: тышкы жана ички. Тышкы карыз боюнча негизги донорлор катары Эл аралык валюта фонду, Азия өнүктүрүү банкы жана Кытайдын экспорттук-импорттук банкы саналат.
Ал 1991-жылдан бери тышкы карыздын төлөмдөрүнүн эң жогорку чоку 2026, 2027 жана 2028-жылдарга туура келерин, андан кийин төлөмдөр азайып баштай турганын белгиледи.
Эксперт карыз маселесин саясаттын чөйрөсүнө алып кирбей, аны таза экономикалык жана финансы маселеси катары кароо керектигин айтты. Ошондой эле, карызды жөнгө салуу менен профилдүү министрликтер жана мамлекеттик органдар иш алып барышат.
Жапаровдун маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстандын мамлекеттик карызы болжол менен 10 миллиард долларга чейин жетип, өлкөнүн ИДПсынын 40%дай бөлүгүн түзөт. Экономиканын жалпы көлөмү болсо болжол менен 2 трлн сом же 24-25 миллиард долларга барабар.












