Кыргызстанда тышкы карыз 2020-жылга чейин ички дүң продукциянын 120% тегерегинде болсо, бүгүнкү күндө мамлекеттик карыз алдагыча эмес, 39% түзөт.

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасында карыздын көлөмү жана анын экономикалык көрсөткүчтөр менен байланышы боюнча түшүндүрмө берди.

Ал өкмөттүн алдына карыз деңгээлин 50% ашырбоону максат кылган тапшырманы койгон. Ар бир алынган кредит мурунку учурлардагыдай жоголуп кетпей, атайын контролдо турган долбоорлорго жумшалат.

Бул долбоорлор өз алдынча кайтарымдуу болушу үчүн пландалган. Жапаров ошондой эле, карыздын көлөмү ички дүң продукциянын 100% ашкан башка өлкөлөрдүн мисалын Кыргызстанга ылайксыз деп атады.