Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик карыздын өсүшүнө чектөө коюу зарылдыгын айтты.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн мамлекеттик карызы жалпы Ички дүң продуктунун (ИДП) 39 пайызын түзөт.

Жапаров карыздын көлөмү ИДПнын 50 пайызынан ашпашы керектигин белгиледи жана бул чекти сактоого эртеликтен чараларды көрүүнү тапшырды.

Бул сунуш экономикадагы туруктуулукту бекемдөө жана финансылык маселе боюнча кемчиликтердин алдын алуу максатында жасалды.