2-ноябрда президент Садыр Жапаровдун Талас облусунун тургундары менен жолугушуусунда ишкер Самар Осмоналиев өзүнүн үй-бүлөсү 2016-жылы сатып алган имараттан ажыраганын айтып берди.
Анын айтымында, күч органдары имаратты профсоюздук мүлк катары тартып алып, менчик күбөлүгүн жокко чыгарышкан.
Осмоналиевдин үй-бүлөсү 1995-жылы нан бышыруучу жай ачкан. Азыр ишканада 22 жумушчу орду бар.
Нан бышыруучу жайдын жанында 1940-жылы курулган эски, жараксыз имарат турган. Өндүрүштү кеңейтүү үчүн үй-бүлө 2016-жылы аны «кызыл китеп» менен таластык ишкерден сатып алган.
Ишкердин айтымында, 2023-жылы күч органдары имаратка болгон менчик укугун талаша баштаган. Биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор үй-бүлөнү ак ниеттүү сатып алуучу деп таанып, алардын тарабында болгон, бирок Жогорку сот алардын пайдасына эмес чечим чыгарган.
Осмоналиевдин айтымында, совет доорунда имарат профсоюзга таандык болгон. Сот аны профсоюздук мүлк деп таанып, менчик күбөлүгүн жокко чыгарган.
Бирок 2013-жылы облустук профсоюз Борбордук профсоюз комитетинин катышуусу менен имаратты өзү сатууну чечкен, анткени ал жараксыз, көтөрүүчү конструкциялары жок болгон жана аны калыбына келтирүүгө каражат жок эле.
Президент Садыр Жапаров ишти угуп, эгерде үй-бүлө ак ниеттүү сатып алуучу катары тастыкталса, ишти кайра кароону тапшырды.

















