Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен болгон жолугушууда бардык чет өлкөлүк компаниялар, анын ичинде кытай капиталы катышкан ишканалар да өлкөнүн мыйзамдарын так аткарып, кыргыз элинин үрп-адаттарын жана маданиятын сыйлоосу керектигин айтты. Мындан тышкары, алардын иши мыйзамдуулук жана ачык-айкындуулук принциптерине ылайык жүргүзүлүшү зарыл экенин баса белгиледи.