Москва районунун тургундары менен жолугушкан учурда Президент Садыр Жапаров курулуш министри Нурдан Орунтаевге ишкерге жардам берүүнү тапшырды. Бул тапшырма кафенин кошумча залына тиешелүү документтерди тариздөөгө багытталган.

Эгер аймак менчик болсо — келгиле, укугун легализациялайлы.
Садыр Жапаров

Айыздын ээси беш баланын энеси жана жесир экенин айткан. Ал мурда кафенин алдындагы аянтчада убактылуу чатыр болгонун, ал эми кардарларга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн панорамалык терезелери бар жеңил конструкциядан кошумча зал курганын билдирди.

Ишкердин айтымында, ал бул имаратка чоң өлчөмдө насыя алып, каражат жумшаган. Ал курулушту убактылуу деп эсептеп, ага долбоор керек экенин билбеген. Учурда архитектура органдары бул объектти мыйзамсыз курулуш деп таанышты.

Эгерде кафе жабылып калса, анда 60 адам жумушсуз калышы мүмкүн. Садыр Жапаров жер участогуна ээлик кылуу укугу бар экенин тактап, жердин «кызыл китеби» бар экени белгиленгенден кийин чечим чыгарга.