Чүй облусунун милициясы социалдык тармактарда жайылып кеткен видео боюнча текшерүү жүргүздү. 9-ноябрь күнү Instagram тармагында Байтик айылына жакын жайгашкан аймакта айдоочулардын ортосундагы чыр-чатак тартылган видео таралып кеткен. Бул окуяны Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү каттаган.","
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн чет элдик жаранга жана аны жумушка алган ишканага карата чаралар көрүлдү. Чүй облусунун ИИМ басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, айып пулдар КРдин Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесине ылайык белгиленди.","
Төлөнө турган айып пулдар
Ошондой эле окуянын катышуучулары менен алдын алуу иштери жүргүзүлүп, мыйзамдарды так сактоо керектиги тууралуу эскертүүлөр жасалды.","











