Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик кызматка талапкерлерди колдоо үчүн шайлоочулардын колдорун чогултуунун тартибин кайрадан түшүндүрдү. Жаңы тартипке ылайык, жарандар өз колдорун «Түндүк» тиркемеси аркылуу санариптик түрдө билдире алышат.

Мыйзам талабына ылайык, президенттикке талапкер өзүн чыгаруу үчүн шайлоочулардын белгилүү бир сандагы колдорун топтошу зарыл.

Колдор эки башка ыкма менен чогултулат: кагаз жүзүндөгү атайын барактар аркылуу же «Кол чогултуу» автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу санариптик жол менен. Электрондук система аркылуу талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү топтолгон колдордун санын, тизмесин, ошондой эле шайлоочулардын жаш курагын жана аймактык бөлүштүрүлүшүн онлайн көргөндөрү мүмкүн.