Бишкектин Москов районунда заманбап маданият үйүн куруу иштери башталмакчы. Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушууда келерки жылдын бюджетине жаңы имараттын курулушуна 150 миллион сом киргизүүнү тапшырганын билдирди.
Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундардын бири Мухтар Усбеков райондук маданият үйүнүн авариялык абалда болгонун, ушул жылы аны бузуп, аянты тазалашканын айтып, жаңы имарат курууга көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин маалыматы боюнча, мурунку имарат 2012-жылдан бери авариялык абалда болуп келген. Аны бузуу үчүн ушул жылы 3 миллион сом бөлүнгөн.
Баштапкы сметалык нарк500 млн сом150 млн сом −70%
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев долбоорду кайра карап чыгуу зарыл экенин белгилеп, жаңы маданият үйүн болжол менен 130-150 миллион сомго куруу мүмкүн экенин айтты.
Келгиле, келерки жылдын бюджетине 150 миллион сом бөлүп коёлу. Заманбап стандарттарга ылайык сонун имарат куруу керек.
Президент долбоорду кайра карап чыгууну жана Кара-Кулжа менен Алайда курулуп жаткан объекттердин үлгүсү боюнча заманбап маданият үйүн куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.













