Президент Садыр Жапаров Москва районунун тургундары менен жолугушууда Rayan Building курулуш компаниясы менен байланышкан кырдаалды териштирүү жана кардарлардын акчасын кайтаруу боюнча иш алып барууну талап кылды. Бул маселе боюнча мамлекет башчысына компаниянын негиздөөчүсү жана директору Айжан Абдыразакова кайрылган.

Айжан Абдыразакованын айтымында, ишкана 2021-жылдан бери иштеп келет жана бул убакыт ичинде жүзден ашык батир тапшырган. Бирок уруксат берүүчү документтердеги көйгөйлөр жана соттук талаш-тартыштардан улам келишимдердин мөөнөтү бузулуп жатат. Компаниянын Кантта, Арча-Бешик жана Кара-Жыгач конуштарында объекттери бар экени белгиленди.

Rayan Building кардарлары боюнча маалымат

280жалпы дольщиктердин саны
72келишимдерди бузуу процедурасы башталган адамдар

Курулуш министри Нурдан Орунтаев компанияга карата бир нече кылмыш иши козголгондугун жана анын жетекчиси кылмыш жоопкерчилигине тартылганын билдирди. Министрдин маалыматы боюнча, учурдагы объекттердин эч бири бүткөн эмес жана 280 кардардын эч бири батир алган эмес.

Ошондой эле компаниянын 5 кабаттуу документтери болсо да, 9 кабаттуу үйлөрдү саткандыгы жана акча каражаттары Абдыразакованын мурунку күйөөсү аркылуу чыгарылып кеткендиги тууралуу маалыматтар бар экени айтылды.

Ал эми ишкердин түшүндүрмөсүндө каржылык кыйынчылыктар жер сатып алууга кеткен чыгымдар жана айрым кардарларга акчаны кайтарып берүү менен байланыштуу экени айтылган.

Тартышмалардын жыйынтыгында Садыр Жапаров сатып алуучулардын акчасы каякта колдонулганын так аныктоону талап кылды.