Ысык-Ата районунда Жергиликтүү жамааттар күнүнө карата бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды. Алар райондун социалдык-экономикалык, айыл чарба жана муниципалдык тармактарын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн белгиленди.

Сыйлыктарды салтанаттуу түрдө Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Рахманкулов тапшырды.

Сыйлангандардын толук тизмеси

Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Каныбек Жалилов сыйланды.

Ведомстволук сыйлыктар жана ардак грамоталар төмөнкүлөргө ыйгарылды:

  1. Иван МашкинЫсык-Ата районунун дыйканы, министрликтин «Айыл чарба отличниги» төш белгиси менен сыйланды
  2. Нурида ИманкуловаЫсык-Ата райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн инженери, кол саат менен сыйланды
  3. Нургуль ЧыныбаеваЫсык-Ата райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

  1. Бактыгүл ОсмоналиеваЫсык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын адиси
  2. Бакытбек СапаевКочкорбаев айыл өкмөтү башчысынын орун басары
  3. Адилет АсанбековЖайылма айыл өкмөтү башчысынын орун басары

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Кеменгер» ардак төш белгиси менен төмөнкүлөр сыйланды:

  • Суюн Абдужапарова — Жалпы дарыгерлик практика борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы;
  • Чылпакбек Дарбеков — ...