Москва районунда 90 жылдык тарыхы бар Маданият үйүнүн имараты сүрүлүп жатат, деп билдирди Turmush кабарчысы.
1936-жылы курулган имарат райондун административдик борбору болгон Беловодское айылында жайгашкан. Убакыттын өтүшү менен ал эскирип, 2012-жылдан бери колдонууга жараксыз абалда турат.
Райондун тургундары көйгөйдү чечүү зарылдыгын Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушууларда, ошондой эле элдик жыйындарда бир нече жолу көтөрүшкөн.
Азыркы учурда эски имарат бузулууда. Райондук мамлекеттик администрациянын маалыматы боюнча, анын ордуна жаңы көп кабаттуу Маданият үйүнүн комплексин куруу пландалууда.



























