Үзгөн районунун Кашка-Терек айылында 5-ноябрда Н.Шамуратов көчөсүнө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Сагынбек Эрмекбаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы жолдун узундугу 1 чакырымды түзөт. Ачылыш аземине район акими Каныбек Апбасов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жолду асфальттоого жумшалган каражат
Долбоорду каржылоо эки булактан жүргүзүлдү: жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 82 миң 170 сом, ал эми стимулдаштыруучу гранттан 4 миллион 847 миң 560 сом бөлүндү. Жалпы чыгым 6 миллион 929 миң 730 сомду түздү.


















